mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Кара-Суу-Савай автожолунун жарылып калган жээктерин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы  «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №45 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Ош-Кара-Суу-Савай автожолунун жарылып калган жээктерин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.  Бул унаа жолдун 12-18-чакырымдарында 1 грейдер 2 жумушчу иш алып барууда . Ошондой эле ушул эле жол тейлөө мекемесинин жолчулары  Жаңы-Арык-Кызыл-Суу жолунун 4-чакырымындагы  бузулган түтүктөрдү жылдырып, аны оңдоп-түзөө үчүн даярдыктарды көрүшүүдө.  Бул жерде 5 жумушчу иш алып барууда жана 3 ага техника тартылды.