Нарын облусу: 19 чакырым долго асфальт төшөлдү
- 11 просм.
Нарын облусунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 19 чакырым аралыкка асфальт төшөлдү.
Учурда жумуштар төмөнкү тилкелерде кызуу жүрүүдө👇
✅Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Куртка-Соң-Көл унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
✅Баетов-Макмал жолунун 8,5-9-чакырымдар аралыгында жолду тегиздөө иштери аткарылды.
✅Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 3-чакырымына суу өтүүчү түтүкчө орнотулуп, 3-5-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө үчүн жер иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Ак-Тал-Чат-Жогорку-Май унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.
✅Чар-Ак-Муз унаа жолунун 1-3-чакырымдар аралыгына асфальт төшөлүүдө.
✅Кочкор районунда Чу дарыясы аркылуу өткөн Кочкор-Коммунизм көпүрөсүнүн курулуш иштери башталды. Көпүрө иштери менен катар райондук оорукананын аймагына да асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы