Нарын облусу: Талантбек Солтобаев Жол тейлөө ишканаларынын кышка даярдыгын текшерди
- 14 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймакты караган Жол тейлөө ишканаларынан кабар алып, күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
Министрдин биринчи орун басары эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдордогу каттамдарды үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн даярдык иштерин талапка ылайык жүргүзүү талабын коюп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштарын убагында жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле, Талантбек Солтобаев жол курулуш иштерин жеринен көрүп, 2024-жылдын планына кирген жумуштарды мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүү талабын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы