Министрликтин кызматкерлери аттестациядан өткөрүлөт
- 102 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу мекеме, ишканалар, ведомстволук уюмдар жана структуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлери аттестациядан өткөрүлөт.
Министр Тилек Текебаев “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган аттестациялык борборго барып, түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Кызматкерлердин кесиптик билимдеринин, иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктаган аттестация компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Ал үчүн атайын бөлмө даярдалып, тиешелүү техникалар алынды. Ошондой эле, тышкы кирүүдөн коргоо үчүн атайын локалдык тармак түзүлдү. Ал эми тесттин жыйынтыгы бир нече серверлерде сакталып, автоматтык түрдө персоналды башкаруу кызматына өткөрүлүп берилет. Бул тесттин жыйынтыгын бурмалоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
Министр Тилек Текебаев аттестация – бул кызматкерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүүгө жакшы көмөк көрсөтөрүн билдирип, иш жүзүндө жаралган айрым маселелерди тез арада жөнгө салууну тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы