Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Талас облусунда 15км ашык жолго асфальт төшөлдү
- 79 просм.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Таласта 15 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү
2024-жылдын курулуш мезгилинде Талас облусу боюнча 15 чакырымга асфальт төшөө ишери өз убагында аткарылып жатат. Талас облусунун №47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан капиталдык салымдар беренесинин ылайык, Ак-Дөбө-Кызыл-Чарба унаа жолуна 2 км асфальт төшөө пландалып, асфальт төшөөгө жер негиздерин даярдоо иштери жүрүп жатат. Учурда жолго кум шагыл аралашмасы төгүлүп бүттү.
Айтматов районундагы №6-Жол тейлөө ишканасы тарабынан титулдук тизменин негизинде Көк-Сай – Кайнар жолуна 1,5км жана Көк-Сай-Арчагүл унаа жолдоруна 3420метр асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, Бакайыр айылындагы Манас көчөсүндө 1км асфальт төшөлүп бүттү. №6-ЖТИнын кызматкерлери асфальт төшөөдөн тышкары аң-чөнөктөрдү оңдоо, жолдун четин тазалоо жана жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актап-сырдоо жана тазалоо иштерин толугу менен аткарышты.
Ал эми №19 ЖЭИ тарабынан Талас-Нылды-Покровка унаа жолунда 1250 метр асфальт төшөлдү жана Талас районунда 1134 метрге асфальт төшөө толугу менен аяктады. Көк-Ой-Кызыл-Туу-Манас-Күмбөз унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. План боюнча 3 км каралып, бүгүнкү күндө 2120метрге асфальт төшөлдү. Сары-Булак айылына баруучу жолго 600 метр асфальт төшөө иштери аяктаган.
Ошондой эле №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда жалпысынын жер-жери менен 3 км асфальт төшөлдү.
№48 ЖЭИ Капиталдык салымдар беренесинин негизинде Тараз-Покровка-Кайынды унаа жолунда 3 км асфальт төшөө иштери аяктаган. Быйылкы жылдын планы боюнча Талас облусунда мамлекеттик бюждеттин эсебинен 36 км асфальт төшөө пландалып жатат.
КР ТжКМ маалымат кызматы