mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди

Ушул жылдын 15-февралында «КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди.

Бул мыйзамдын максаты  Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган автомобилдик катнаштар жөнүндө эл аралык келишимдердин ченемдерин аткаруу,  ата мекендик автоташуучулардын кызыкчылыктарын коргоо  жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу  болуп саналат.

Биздин өлкөнүн аймагына уруксатсыз киргендиги үчүн салынган айыптын өлчөмү төмөн болгондуктан чет өлкөлүк ташуучулар эл аралык макулдашуулардын жана улуттук мыйзамдардын талаптарын сактабай,   уруксаты жок, өткөрүү пункттарында транспорттук контролдон өтпөстөн  киришет.  Ушуга байланыштуу Кодекстин 200-беренесинин 8-9-бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Анын 8-бөлүмүндө уруксат кагазынын ээси аны башка бир жүк ташуучуга берип койгон учурда  жеке жактарга 10 миң жана юридикалык жаткарга 30 миң сом айып пул салынат. Ал эми анын  9-бөлүмүнө ылайык, чет өлкөлүк  автотранспорт каражаттары КРнын аймагында  уруксат кагазга мөөр бастырбастан жүк ташуу ишмердигин жургүзгөн учурда  жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат.

 

Автожолдордун сакталышын камсыз кылуу үчүн автоунаага ашыкча жүк жүктөп  жолго зыян келтиргендиги үчүн жүк жүктөөчүлөрдүн жоопкерчилиги жана ашык жүк  жүктөп ташыган айдоочулар мындай тартипти кайталап  бузгандыгы  жогорку өлчөмдө айып пул төлөө каралган 181-беренеге өзгөтүүлөр киргизилип, айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 17500 сомдон 20000 сомго чейин жогорулады жана юридикалык жактарга 55000 сомдон 65000 сомго чейин жогорулады.

Ушуга байланыштуу, жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына мыйзамдын талаптарын сактоону эскертебиз.

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы