mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана КРдин Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 22-февралда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана КРдин Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.

 

Бул кызматташтык Транспорт жана жол куруу жаатындагы адистерди окутуу инфраструктуранын сапатын жогорулатууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана транспорт каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

 

Мындан тышкары, билим берүү инновацияларды өнүктүрүүгө жана транспортто жаңы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт. Билим берүү жана илим министрлиги менен бул Кызматташтык жөнүндөгү меморандум республикабыздын эстетикалык көрүнүшүнүн өнүктүрүлүшүндө башкы аспаптардын бирине айланат.

 

Билим берүү жана илим министрлиги менен Кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюу аземинде Т. Текебаев “Кыргызстан – чоӊ туризм дарамети бар өлкө. Бизде туристтердин көбүнүн көӊүлүн тарткан кооз жерлер, кооз тоо жолдору көп. Бизде Боом менен Төө-Ашуу сыяктуу панорама көрүнүшү бар жол тилкелеринде кооз жерлер толтура. Мындай жерлерде байкоо аянтчалары, фото зоналарын ачуу үчүн жаш, жаратман архитектор, дизайнер студенттердин идеялары керек Дизайн, концепцияларды иштеп чыгуу үчүн жаштардын идеяларына муктаждыктар бар”-деди.

 

Сөз кезегинде Министр Догдуркүл Кендирбаева дуалдык окутуу формасы студенттерге окууну практикалык иштер менен айкалыштырууга мүмкүндүк берерин айтты. Ошондой эле ал  И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адистерин кайра даярдоо заманбап стандарттарга ылайык, эл аралык деңгээлдеги компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

 

Бул кызматташтык Жол, көпүрө, тоннель куруу, транспорт жана логистика жаатында тыгыз кызматташуу аркылуу КРнын жол жана транспорт тармагынын кадр потенциалын бекемделиши жана кадр жетишсиздигинин жоюлушуна жетишүүнү көздөйт.