mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу болуп өттү

2024-жыл 11-майында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Базаралиевдин төрагалыгы астында 2024-2028-жылдарга КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Ага КРдин Финансы министрлиги, КРдин эл аралык  автомобиль ташуучулар ассоциациясы,  КРдин жол-куруучу компанияларынын ассоциациясы жана Жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылды жана Министрликке караштуу республикалык бюджеттен каржыланган бардык мекемелер катышты.

Коомдук угуулардын жүрүшүндө кийинки чечимдер кабыл алынды:

  1. 2025-2029-жылдарга КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоору коомдук угуунун жыйынтыгы менен жактырылды, мунун негизинде аталган долбоор жетекчиге жактырууга киргизүү сунушталды.
  2. КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-2029-жылдарга Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоору 2024-жылдын 13-майына чейин коомдук уугунун жыйынтыгы жана жетекчинин жактыруусу менен КРдин Финансы министрлигине жиберүүнү сунуштады.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы