mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Коңшу Казакстандын калаасына арзан баада жетиңиз!

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы күн сайын саат 8:00, 10:00, 12:00, 14:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы (Кыргызстан — Казакстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, ыңгайлуу автобустар жүрүп жатканын эске салат.

Билеттин баасы 600 сомду түзөт жана аларды beket.kg сайты аркылуу аралыктан же автобекеттин кассасына келип алууга болот.

Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар ошол эле сааттарда чыгат. Билет баасы 3000 теңге.

Мындан тышкары, Батыш автобекетинен Бишкек-Ташкент, Бишкек-Джизак, Бишкек-Красноярск, Бишкек-Тюмень, Бишкек-Артуш жана Бишкек-Кашгар эл аралык каттамдары боюнча автобустар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жакынкы аралыкта Бишкек-Самарканд каттамы ачылуу алдында турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы