Коррупцияга каршы саясат: Министрликтин кызматкерлери үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү
- 63 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери үчүн “Коррупцияга каршы саясат” деген темадагы семинар-тренинг өткөрүлдү. Анын ачылышында сөз сүйлөгөн министр Тилек Текебаев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, коррупцияга каршы күрөшүүгө – кызматкерлердин аң сезимин, билимин жогорулатуу, эмгек акыны көтөрүү, санариптештирүү, адамдар ортосундагы ишеничти жогорулатуу жана эң башкысы өз ишиңди так, туура, таза аткаруу сыңдуу аракеттер кирерин билдирди. Ошондой эле ал семинар-тренингде айтылган ар бир сөздү эске түйүп, алдыда иш жүзүндө колдонууга чакырды.
Семинардын лектору саясий илимдердин кандидаты, доцент Гүлсайра Нурматова болуп, катышуучулар эл аралык практикада коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, эл аралык мыйзам жоболорун, ошондой эле жүрүм-турум моделдери жана коррупциялык чыр-чатактарды жөнгө салуунун варианттарын үйрөнүштү.
Транспорт жана коммунициялар министрлигинин маалымат кызматы