mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кара-Буура ашуусу кар көчкүдөн тазаланууда

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын  №27 Жол тейлөө ишканасынын  жумушчулары  Ала-Бука-Жаңы-Базар унаа жолунун 198-203-чакырымдарындагы Кара-Буура ашуусун  эки күндөн бери атайын жол  техникалары менен кар көчкүдөн тазалашууда.

Тазаланган кар көчкүнүн көлөмү 21000м3 түзөт. ӨКМдин корутундусу боюнча бул жерде көчкүнүн жалпы көлөмү 51000м3 түзөт. Азыркы учурда 203-213-чакырым аралыктарында  мурда түшкөн кар көчкүсү бар жана кошумча  түшүү мүмкүнчүлүгү күтүлүүдө.

ТжКМ басма сөз кызматы