mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол тейлөө мекемелери тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө мекемелери (ЖТИ) тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү:
🔰 №11 ЖТИ: Тепке-Курбу-Жылдыз унаа жолунун 3,1-чакырымында орто оңдоо иштери башталды.
🔰№47 ЖТИ: Талас-Калинин-Бакай-Ата авто жолунун 11 — 15 чакырым аралыгында көпүрөлөр акталып, сырдалды .
🔰№959ЖТИ: Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун жээгиндеги таштандыларды, парапет, бордюрлардын түбүндөгү кум-топурактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Гүлчө-Кызыл-Суу унаа жолунда сел калдыктарын, көчүп түшкөн таш-топурактарды тазалоо, кеңейтүү иштери аткарылды.
🔰№51 ЖТИ: Ленин-Жол-Арал-Сакалды унаа жолунда асфальт басууга даярдык жумуштары жүргүзүлдү.
🔰№34 ЖТИ: Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында жол белгилерин алмаштыруу иштери аткарылды.
🔰№47 ЖТИ: Талас-Калинин-Бакай-Ата унаа жолунда аялдамалар жана жол белгилери акталып, сырдалды.
🔰№6 ЖТИ: Кировка — ст.Маймак унаа жолунун аң-чөнөктөрүн жамоо жана 2024-жылдын титулдук тизмесине киргизилген Көк-Сай — Арчагүл жана Көк-Сай-Кайнар унаа жолдорунун негизин дайындоо иштери аткарылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.