mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол тейлөө мекемелери (ЖТИ) тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү:

🔰№51 ЖТИ: Ленин-Жол-Арал-Сакалды унаа жолунда асфальт басууга даярдык жумуштары жүргүзүлдү.

🔰 №48 ЖТИ:  Тараз-Покровка-Кайынды унаажолунун 14-15-чакырым аралыгында орто оңдоо иштери жүрүүдө.

🔰№955 ЖТИ: Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 221-271-чакырым аралыгы таштандылардан тазаланды.

🔰№955 ЖТИ:  Кочкор-Коммунизм авто жолунун 0-10 — чакырым аралыгында көпүрөлөр,  ошондой эле белги берүүчү мамычалар акталып, сырдалды.

🔰№3 ЖТИ: Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда жол белгилерин актап-сырдоо жана чөп-чарларын жулуу иштери аткарылууда.

🔰№ 18 ЖТИ:  Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Казарман-Арал участогунун 296-чакырымындагы таштар тазаланып,   парапеттердин түбүндөгү  топурактар шыпырылып, иретке келтирилди.    Кюветтеги таштарды тазалоого  1 даана мехпогрузчик , 2 даана хово атайын техникалары тартылды. Бүгүнкү күнгө 8955м3 таш көчкү тазаланды.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.