mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол оңдоо жумуштары…

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары тарабынан лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин топтому:

📌34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолундагы (271-372-чакырымдар аралыгы) тосмолордун түбү тазаланды.

📌 № 956 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунда (5-8, 14-17 жана 18+500-чакырымдар аралыгы) селден кийин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

📌 № 18 Жол тейлөө ишканасы Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Казарман-Арал тилкесиндеги суу өтүүчү түтүкчөлөрдү жана жолго түшкөн таштарды тазалашты.

📌 № 6 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолундагы жол белгилерди жаңыртып, аялдамаларды актап сырдап, айлананы иретке келтиришти. Ошондой эле, жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрдү.

📌 № 5 Жол тейлөө ишканасы тейлеген Мырзаке-Кара-Баткак жолунун 2-6-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүүдө. Дал ушундай эле жумуштар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 18-19-чакырымдар аралыгында аткарылды.

📌 № 28 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы тосмолордун түбүн тазалап жатышат.

📌 Ал эми Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунда (3-4-чакырымдар аралыгы) жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу жана ага даярдык көрүү иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы