mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол коопсуздугу жана туруктуу мобилдүүлүк боюнча БАРЭК программасынын окутуулары өтүүдө

2024-жылдын 26-февралынан 2-мартына чейин Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институту БАРЭК программасы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, коопсуз жана туруктуу транспорт үчүн Чыгыш альянсы жана жолдорду баалоонун эл аралык программасы менен биргеликте Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген практик-адистер үчүн бир жумалык окутуу программасын уюштурду.

Бул иш-чаранын ачылышында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ы. Бариев мындай актуалдуу  иш-чараны уюштургандыгы  үчүн Азия өнүктүрүү банкына жана Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык институтуна ыраазычылыгын билдирип,  бул окутуулардын темасы чындыгында өтө олуттуу жана маанилүү экенин белгиледи.

Ы. Бариев “Бүгүнкү күндө жол коопсуздугун камсыз кылуу–укуктук, социалдык-экономикалык, административдик, техникалык, илимий, психологиялык көйгөй экени айкын болду. Анткени адам өмүрү баарынан кымбат. Андыктан бул окутууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча масштабдуу милдеттерди жана стратегияларды коюу  багытында практикалык талдоолор болооруна ишенем”,- деди.   

БАРЭК-2030 стратегиясы жол кыймылынын коопсуздугуна жана жол активдерин башкарууга багытталып,  беш негизги иш-аракетти камтыйт.  Алар  «коопсуз система» ыкмасына негизделген:

  • коопсуз жол колдонуучулар;
  • коопсуз унаалар;
  • коопсуз ылдамдык;
  • коопсуз жолдор жана жол жээктери;
  • жол кырсыгынан кийин жооп кайтаруу.

Бул иш-чарада АӨБдүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн өлкө боюнча директору Чжэн Ву  жол кыймылынын коопсуздугу БАРЭК өлкөлөрү үчүн жамааттык региондук артыкчылык болуп саналарын  белгиледи.