Жол иштери…
- 72 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары тарабынан лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин топтому:
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы аялдамалардын жана тосмолордун түбүн тазалоо жумуштары жүрүп жатат.
Мырзаке-Кара-Шоро жолунун 35-39-чакырымдар аралыгында жол чети тегизделүүдө.
Өзгөн-Зергер жолунда (19-чакырымы) суунун нугу бурулуп, бекемдөө иштери жүрдү.
Суусамыр-Талас-Тараз жана Чат-Базар-Арал-Талды-Булак унаа жолдорунда таштандыларды жана кышында чогулган инерттик материалдарды тазалоо, жол четин тегиздөө иштери жүрүүдө.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (299-325- чакырымдар аралыгы) суу өткөрүүчү дренаж каналдарын калыбына келтирүү, инерттик материалдарды тазалап, чогултуу, жол жээгин тегиздөө иштери жүрдү.
Ошондой эле, жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери Бишкек-Нарын-Торугарт, Кемин-Орловка (0-6-чакырымдар аралыгы), Бишкек-Ош (60-80-чакырымдар аралыгы), Көк-Жар-Ала-Тоо, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Күн-Туу-Шопоков, Токмок-Кошой, Новопокровка-Сары-Жон, Суусамыр-Талас-Тараз жана Чат-Базар-Арал-Талды-Булак унаа жолдорунда жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-03-at-12.50.53-PM-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-03-at-12.50.50-PM-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-03-at-11.29.45-AM.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-02-at-5.13.50-PM.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-02-at-4.47.07-PM-768x1024.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-02-at-3.41.40-PM.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-02-at-3.03.47-PM-768x1024.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-02-at-2.47.14-PM-1-768x1024.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-02-at-2.47.14-PM-768x1024.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-02-at-2.46.32-PM-1024x768.jpeg)