mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол иштери…

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө мекемелери (ЖТИ) тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү:

📌№47 ЖТИ: Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерди жаңылоо, көпүрөлөр менен жол четиндеги тосмолорду актоо иштери жүрүүдө.

📌№41 ЖТИ: Каратал-Жапырык унаа жолунун 8-9-чакырымдар аралыгындагы суу жеп кеткен жерлер калыбына келтирилип, Бишкек -Нарын-Торугарт унаа жолунун (275-290-чакырымдар аралыгы) жээги тазаланып, акталды.

📌№9 ЖТИ: Бишкек-Ош унаа жолунун 155-чакырымында жаралган аң-чөнөктөр толтурулуп, 132-135 жана 206-209-чакырымдар аралыгында тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды.

📌№26 ЖТИ: Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда эски асфальтты сыйруу, 86-89-чакырымдар аралыгында тегиздөө жумуштары жүрүүдө.

📌№959 ЖТИ: Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел калдыктарын тазалоо, кеңейтүү иштери аткарылды. Аны менен катар жолчулар тарабынан Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунда аң-чөнөктөрдү кесип даярдоо иштери жүрдү.

📌№48 ЖТИ: Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 25,4-26,3-чакырымдар аралыгында жолдун негизин тегиздөө иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы