Жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү
- 33 просм.
Нарын облусундагы Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 6,5-9,5-чакырымдар аралыгында шагыл төшөө иштери жүрүп жатат. Жумуштар № 14 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан аткарылууда. Ал эми № 6 ЖТИсинин кызматкерлери капиталдык салымдар беренесинин эсебинен титулдук тизмеге киргизилген Талас облусундагы Кировка-ст. Маймак жолундагы эски асфальт катмарын сыйрып алуу иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, №47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Талас-Калинин-Бакай-Ата унаа жолунда (19-чакырымы) жана Тараз-Талас-Суусамыр жолунда (82-чакырымы) орнотулган жарнамалык такталарды, жолго чыккан курулуштарды бузуп, түрттүрүү иштери жүрүүдө. Ушундай эле жумуштар Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо аткарылып, мыйзамсыз объектилер атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.
Жол оңдоо, тазалоо, кеңейтүү, иретке келтирүү сыңдуу иштер менен катар кар тазалоо, инерттик материалдарды себүү жумуштары да жүрүп жатат. Азыркы тапта ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы