Жолчулар Ала- Бел ашуусунун жол жээгиндеги таштандыларды тазалашууда
- 52 просм.
Жаз мезгилинде туристтердин агымы көбөйгөнү мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдордун абалына жана тазалыгына өзгөчө көңүл бурулууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №23 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары Бишкек – Ош автожолунун Ала-Бел ашуусундагы жол жээгиндеги таштандыларды тазалашууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бардык жарандарды автожолдорго акыр-чикирлерди таштабастан, өзгөчө табияты кооз ашууларды булгабай тазалыкты сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/04/WhatsApp-Image-2024-04-29-at-09.15.00-768x1024.jpeg)