mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Техникалык кеңеши өткөрүлдү

2024-жылдын 2-февралында КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Техникалык кеңеши өткөрулдү.

Анда,  Транспорт департаментинин ишмердүүлүгүнүн 2023-жылдын 12-айынын жыйынтыгы, Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктардын башчыларынын 2023-жылдын 12-айынын жыйынтык отчеттору, Транспорт департаментинин 2023-жылдын 24-августунда болуп өткөн Техсоветинин №2 Протоколундагы тапшырмалардын аткарылышын талдоо маселелери каралып, ошондой эле 2024-жылга тапшырмалар берилди.

Техникалык кеңешке Транспорт департаментинин директору Тариел Келдибеков, Министрликтин Транспорт башкармалыгынын башчысы Аскар Эсеналиев, директордун орун басарлары, Транспорт департаментинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышышты.

2023-жылдын 12 айында лицензия жана  уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн  жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат кагаздарынан  жана  зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 99200,4 миң сом түшкөн.

2023-жылдын жыйынтыгы менен Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы  Калторо Гапаров  биринчи,  Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысы  Жыргалбек Дыканбаев экинчи, Талас аймактык башкармалыгынын башчысы Аскер Кадыров үчүнчү орунду алышып, өз иштеринде өзгөчөлөнгөндүктөрү үчүн атайын сыйлыктар менен сыйланышты.  

Мындан сырткары, көйгөйлөр жана кемчиликтер талкууланып, айрым  аймактык башкармалыктарга төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
— 2024-жылдын I-жарым жылдыгы аяктаганга чейин Ош жана Нарын
аймактык башкармалыктары айып пулдарды өндүрүүнү 90 пайызга
көбөйтүү;
— Станциялык курулмалардын тизмесин тактоо жана талаптарга ылайык
келүүсүү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү;
—    Эл аралык ташууга берилүүчү уруксат бланкттарды катуу көзөмөлгө алуу;
—   Туристтик жүргүнчү ташуулардын мыйзамдуулугуна көзөмөлдү күчөтүү;
— Транспорт каражаттарынын мыйзамда белгиленген салмак-
габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабагандарга мыйзам чегинде чараларды колдонуп, көзөмөлдү күчөтүү.

Техникалык кеңештин отурумунда аймактык башкармалыктын башчыларына кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Укук  бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2024-жылдын 24-январында №26-мыйзамынын жана транспорттук контролду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча КР Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө 2024-жылдын 17-январында кабыл алган №11-токтомунун ченемдерин транспорттук көзөмөлдү жүргүзүүдө так колдонуу боюнча инспекторлордун арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

 

КРдин ТжКМ маалымат кызматы