mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин  Ош аймактык башкармалыгы Укук бузуулар жөнүндө Кодексине кирген толуктоолор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин  Ош аймактык башкармалыгы КРдин Укук бузуулар жөнүндө Кодексине жана айрым мыйзам актыларына кирген толуктоолор боюнча  окутууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Алсак, өткөн аптада Ош облусундагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына   КРдин Укук бузуулар жөнүндө Кодексине кирген толуктоолор боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда  Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин  Ош аймактык башкармалыгынын башчысы  Бакай Жолдошбаев 30га  чукул айдоочуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454 токтому менен Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын максималдуу жалпы массасы, октук басымы, габариттери жана башка линиялык параметрлери ​бекитилгенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал республикабыздын жалпы пайдалануудагы авомобиль жолдору 10т чейинки   октук басымга салынганын. Автожолдорду куруу боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча автоунаалардын  окторуна түшкөн салмак ченемдеринин ашыкча болушу (октук басым) жолдордун бузулушунун негизги фактору болуп саналарын. Ошого байланыштуу, жогоруда айтылган токтомдо аныкталган транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин ченемдери автомобиль жолдорунун сакталышын, ошондой эле алардын пайдалануу мөөнөтүн узартууну камсыз кылуу үчүн каралганын айтып, бул ченемдердин талаптарын аткаруу ар бир жүк ташуучу жана жүк жүктөөчүнүн милдети болуп саналарын айтты.

Белгилей кетсек,   Ош аймактык башкармалыгы 2024-жылдын эки айында аткарган төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишти:

-Текшерилген автотранспорт каражаттарынын саны -27214 даана былтыркы 2023-жылдын эки айы менен салыштырмалуу өсүш саны 7286 же 136 % ;

-мыйзам бузуулардан аныктаган протоколдордун саны -286,   2023-жыл менен салыштырмалуу 86 протоколго көп болду;

— салынган айып пулдардын саны — 1293000 сом болсо,   2023-жылы ал 938000 сомду түзүп,  бул жылы өсүш 364%  түздү;

— айыптардан өндүрүлгөн пулдардын саны 410500 сомду түзүп, 2023-жылы менен салыштырмалуу  

273000 сомго көп  болуп, 298% түздү;

— жалпы берилген уруксат кагаздардан республикалык бюджетке 2686403сом киреше түшүп, 2023-жылы менен салыштырмалуу  1438523 сомго көп  болуп, 215% түздү.

Эске салсак, Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин   басма сөз кызматы