mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейддик иш-чаралар өттү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти 2024-жылдын 5-февралынан 5-мартына чейин эл аралык жүк ташуулардын талаптарын, жүргүнчү ташуулардын эрежелерин жана автожолдордо жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын чектелген салмак-габариттик ченемдеринин сакталышын жана аткарылышын камсыз кылуу максатында рейддик текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чара жогоруда көрсөтүлгөн департаменттин «Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын талаптарын жана автомобиль жолдорун сактоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде ишке ашты.
Анын алкагында департаменттин аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Ысык-Көл, Чүй облусундагы оор жүк жана жүргүнчү ташыган унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды.
Анын жүрүшүндө жалпы 40989 автотранспорт каражаттары текшерилип, анда 678 протокол түзүлүп, 7081500 сомго айып пул салынды. Анын ичинен ашыкча жүк жүктөгөн транспорт каражаттарынын ээлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) 273 протокол түзүлүп, жалпы 5476000 сомго айып пул салынды.
Министрлик текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын белгилеп, айдоочуларды салынган жолдордун талкаланышына жол бербөөгө жана тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы