mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жаз келип, жол оңдоо иштери жанданды

Жаз келип, күндүн жылышы менен лотокторду жана жол четин тазалоо, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу жумуштары башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин топтому:

№ 36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун (0-73-чакырым аралыгы) жээгине ыргытылган таштандылар тазаланды.

№ 45 ЖТИнин жолчулары Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолундагы түтүктөрдү тазалап, тосмолорду актап, сырдашты.

Кара-Суу-Отуз-Адыр-Кең-Сай авто унаа жолунун чети тегизделип, түздөлдү.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөр толтурулуп, район борборундагы асфальт жуулуп, тазаланып жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 271-372-чакырымында жайгашкан Долон капчыгайы жана Кызыл-Бел ашуусунда жол жээгиндеги таштандылар тазаланып, көпүрөнүн музун чагып, суусун агызуу жумуштары аткарылды.

Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунун 17-23-чакырым аралыгында суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, сел өткөрүүчү курулмаларды куруу, жолду кеңейтүү, жер иштери кызуу жүрүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунда тазалоо иштери, ал эми Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда (20-21-чакырым аралыгы) аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда кеңейтүү, тазалоо, эскирген жол белгилерин алмаштыруу, актоо, сырдоо, ирээтке келтирүү жумуштары аткарылууда.

Белгилей кетсек, бүгүн 20-мартка карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, кар тазалоо, зарыл учурда инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы