mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Европада туруктуу иш менен камсыз кылуу: Транспорт министрлигинин жетекчилиги GIRTEKA компаниясынын өкүлү менен жолукту

         Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Литва Республикасынын GIRTEKA компаниясынын өкүлү Оксана Карпповисиене мененжолугушту.

Анда GIRTEKA компаниясында эмгектенип жаткан кыргызстандык айдоочулардын ишмердүүлүгү, анда жаралган көйгөйлөр, өлкө аймагында электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) даярдап берүү маселеси талкууланды.

Бекжан Рысмендеев азыркы мезгилде чип карталарды чыгаруу жаатында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, зарыл үч сертификаттын экөө алынганын билдирди. Ал Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборуна картанын шайкештик сертифкатын алууга арыз берилгенин айтып, болжол менен Кыргызстандын аймагында картаны (шайкештик сертифкатын алуу датасына жараша) май айынын аягынан тарта чыгаруу пландаштырылып жатканын белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө азыркы мезгилде Европа мамлекеттеринде колдонулуп жаткан смарт тахографтарга өтүү, аларга шайкеш келген карталарды чыгаруу боюнча да пикирлер айтылды.     

Өз кезегинде Оксана Карпповисиене Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен түзүлгөн келишим өз жемишин берип жатканын белгилеп, кызматташтыкты мындан да ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, GIRTEKA Европадагы чоӊ транспорттук-логистикалык компаниялардын катарын толуктайт.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин демилгеси менен чет өлкөдө иштөөнү каалаган айдоочуларга 2023-жылы министрликтин жана жогоруда аталган компаниянын ортосунда келишим түзүлүп, “Өндүрүштүк–инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси аркылуу айдоочуларга атайын окутуу курстары уюштурулган.  Бул аракет эгер мурда айдоочулар мындай окуулар үчүн Литвага барса, эми Кыргызстандан эле сапаттуу даярдыктан өтүү мүмкүнчүлүгүн ачты.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 400дөн ашык жаран (айдоочу) окуудан өтүп, алардын 252си Европадагы транспорттук компанияларга ишке орношту. Ал эми калганы жумушка орношуу этабында.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы