mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 9-февралга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдордун абалы тууралуу маалымат

Бүгүн, 9-февралда Гүлчө-Кабылан-Көл автожолунда кар күрткүлөрдү тазалоо, кеңейтүү жана  инерттик материалдарды чачуу иштери №959 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан жүргүзүлдү.

Өтмөк ашуусунда күн бүркөк бороон болуп, кар  күрткүлөрдү тазалоо кум себүү иштери жүрүүдө. Чыйырчык, Өтмөк,  Долон, Кызарт, Чар,  Акбейит, Тузбел, Чоң-Ашуу, Кызыл-Бел,  ашууларында жолчулар тарабынан инерттик материалдар чачылууда, жол ачык.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөөдө  жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.