Бүгүн, 6-февралга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар
- 84 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү менен кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, жолчулар тарабынан:
✅Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (75-345-чакырым аралыгы) четин тегиздөө жумуштары аткарылды.
✅Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-271-чакырым аралыгына ыргытылган таштандылар терилип, жол чети тазаланды.
✅Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 110-111-чакырым аралыгына түшкөн таштар алынды.
✅Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 11-чакырымында жайгашкан түтүктөгү тоңуп калган музду чагып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-06-at-08.32.12-1-768x1024.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-06-at-08.32.12-768x1024.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-06-at-08.32.11-1-767x1024.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-06-at-08.32.11.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/02/WhatsApp-Image-2024-02-06-at-08.32.10-576x1024.jpeg)