mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 4-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдордун абалы тууралуу маалымат

Бүгүн, 4-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөшүп, тайгакка каршы инерттик материалдарды себишүүдө.

Алсак Чыйырчык, Чоң-Ашуу, Сөөк, Төө-Ашуу, Өтмөк, Долон, Кызыл-Бел  жана башка ашууларда  жолчулар  кардан тазалоо жана кум себүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Жолдор ачык каттам бар.

Казарман-Акталчат унаа жолунун 32-чакырымынан 40-чакырымына чейин, борон-чапкындын кесепетинен жолго кар күрткүлөр үйүлүп, унаа жолду бөгөп калгандыктан КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жолчулары  аталган чакырымда жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Балыкчы-Бокомбаев-Каракол унаа жолунун 150-220-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолунун 310-350-чакырымдарында тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштери аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн автоунаа айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине кийлигишпөөгө чакырат.