Бүгүн, 25-мартка карата аймактардагы жолчулардын аткарган иштери тууралуу маалымат
- 62 просм.
Бүгүн, 25-мартта КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактардагы жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери аң-чөнөктөрдү жамоо, тегиздөө жана жол белгилерин чийүү, актап-сырдоо иштерин аткарышууда.
Алсак, министрликтин №45 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунун 6-12-чакырымдарында аң-чөнөктөрдү жамоого даярдыктарды көрүшүүдө.
Мындан тышкары ушул эле жолдун 12-18-чакырымдарында жол белгилерин чийүү, ал эми Жаңы-Арык-Кызыл-Суу автожолунун 9-36-чакырымдарында жолду тегиздөө иштери жүрүүдө.
Бишкек-Каракол-Ананьева унаа жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо жана чуңкурларды толтуруу иштери №4 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан аткарылууда.
Ал эми министрликтин Баткен филиалынын жумушчулары Ош-Баткен-Исфана автожолунда актап-сырдоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/03/WhatsApp-Image-2024-03-24-at-18.08.34-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/03/WhatsApp-Image-2024-03-24-at-16.52.56-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/03/WhatsApp-Image-2024-03-24-at-16.52.55-1-1024x768.jpeg)
![](https://mtd.gov.kg/wp-content/uploads/2024/03/WhatsApp-Image-2024-03-24-at-16.52.55-1024x768.jpeg)