mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 19-апрелге карата жол оңдоо иштери боюнча кыскача маалымат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын аймактардагы жолчулары өздөрүнө тиешелүү жол участоктордо тишелүү иштерди жүргүзүшүүдө .

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын №47 жол тейлөө ишканасы тарабынан  Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 84-86 чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү  оңдоо  иштери аткарылууда.

№48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Тараз-Покровка-Кайынды унаажолунун 0-3 чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү оңдоо ошондой эле  2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, орто оңдоо иштеринин алкагында 25,5-26.4 чакырым аралыгында эски асфальт катмарын алуу иштери жүрүүдө.

№9 жол тейлөө ишканасынын жолчулары Бишкек – Ош жолунун 154-чакырымында, ал эми Ноокен райондук №51  жол тейлөө ишканасынын жолчулары Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере унаа жолунун аң-чөнөктөрүн  оңдошууда.

Казарман-Акталчат унаа жолунун 3500 метринде жайгашкан суу өтүүчү түтүк толуп калгандыгына байланыштуу,  №18 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан жаны тетиктер менен алмаштырылып, кайрадан орнотулду.

Ал эми №41 жол тейлөө ишканасынын жолчулары  Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолунун 271-372-чакырымдарында парапеттин түбүндөгү кум, шагылдарды, таштандыларды тазалашып, жол белгилерин актап сырдашты.

 

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы