mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн 10-майга карата жолчулардын аткарган иштери тууралуу маалымат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасынын №5 Жол тейлөө мекемесинин жумушчулары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун  1-чакырымындагы көпүрө оңдолуп, 1-3-чакырымдарына чейинки жолдун жээги оңдолуп, тегиздөө иштери жүргүзүлдү.

№51 Жол тейлөө мекемесинин жумушчулары Ленин жол-Арал-Сакалды унаа жолунда эски асфальтты сыйрып, жаңы  асфальт басууга даярдыктарды жүргүзүшүүдө.

№51 Жол тейлөө мекемесинин жумушчулары Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 179-850-чакырымдарында кошумча суу өткөрүү түтүкчөсүн орнотуу жумуштары аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.