mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен Чүй облусундагы жолдордо жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, талапка ылайык келтирүү боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлүүдө.

Бүгүнкү күндө «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош унаа жолундагы (151-152-чакырымдар аралыгы) аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, №9 ЖТИси Бишкек-Ош унаа жолунун 60-209-чакырымдар аралыгын тейлейт. Азыркы тапта жолчулар тарабынан 200 м2 аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат. 

Ошондой эле, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары тарабынан бардык аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы