mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош автожолунун 400-450 жана 315-427-чакырым аралыктарында таш жана шагыл аралашмалары түшүп,  тазалоо үчүн тиешелүү техникалар тартылды

Учурда Бишкек-Ош автожолунун 209-230-чакырым аралыгында кар жаап жатат. Ала-Бел ашуусунда шамал болуп, учурда тазалоо жана кум, туз аралашмасын чачуу жумуштары жүрүүдө. Ал эми бул автожолдун 400-450 жана 315-427-чакырым аралыктарында таш жана шагыл аралашмалары түшүп,  тазалоо үчүн тиешелүү техникалар тартылды.

Жалал-Абад-Казарман, Топ-Жангак-Кара-Суу, Кара-Жыгач-Сары-Челек, Барпы-Ийри-Суу, Базар-Коргон-Арсланбаб автожолдорунда сел жүрүп, кум-шагыл аралашмасы жол кыймылына кыйынчылыктарды жаратты.

Учурда бул автожолдорго тиешелүү техникалар тартылып, тазаланууда нөөмөт уюштурулган. Каттам бар.