mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125+500 чакырымы Боом капчыгайынан Бишкекти көздөй бараткан унаалар үчүн жабык

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125+500 чакырымы (Ысык-Көлдөн Бишкекке чейинки «эски жол») Боом капчыгайынан Бишкекти көздөй бараткан унаалар үчүн жабык.
Белгилей кетсек, Боом капчыгайын көздөй бара жаткан айдоочулар менен жүргүнчүлөр «эски жол» менен жүрө алышат.
Аталган жол тилкесин жабуу тууралуу чечим жол кыймылынын коопсуздугу жана жарандардын коопсуздугу максатында кабыл алынган.
2023-жылдын 10 айында бул аймакта 4 жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 36 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.