mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырым аралыктарында кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт

2024-жылдын 7-мартында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырым аралыктарында КР Коргоо министрлигинин артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.      

 Буга байланыштуу  2024-жылдын 7-мартында саат 11:00дөн 18:00гө чейин жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Нарын районунун Оттук айылына чейин  Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолуна чектөө киргизилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы зарыл экенин эскертет. Ал эми мекемеге караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө берилген аймакты толук көзөмөлгө алып, жаралган кырдаалды тез арада жөнгө салууга даяр турушат.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.