mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бектурсун Дыканбаев Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Бектурсун Дыканбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Тилек Текебаев кол койду.

Белгилей кетсек, Бектурсун Дыканбаев буга чейин министрликке караштуу Жол чарба департаментинин Иштерди пландаштыруу, даярдоо жана кабыл алуу бөлүмүн жетектеген.

Жаңы дайындалган башкармалыктын башчысын жалпы жамаатка министр Тилек Текебаев тааныштырып, анын практикалык иш тажрыйбасын белгилөө менен ийгиликтерди каалады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы