Баткен: Жол иштери кызыды
- 114 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун жолдорун кыдыруунун жүрүшүндө Раззаков шаарындагы айланма жолго барды. Учурда аталган тилкеде жер иштери кызуу жүрүүдө.
Эске салсак, эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Раззаков шаарын айланып өткөн 6,2 чакырым аралыгын куруу иштери 2022-жылы башталган. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан 4 чакырымы бүткөрүлгөн соң каттам ачылып, пайдаланууга берилген. Абсаттар Сыргабаев жолчулар менен баарлашып, жетекчилердин маалымат уккан соң, апта аягына чейин асфальт төшөө иштерин баштап, жумуш темпин тездетүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле ал Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолунун Бели-Сынык тилкесине токтоп, жолдун деңгээлин ылдыйлатуу иштери менен таанышты.
Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Самаркандек-Мадиген-Жети-Таш, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават менен катар курулушу жүрүп жаткан жана жыйынтыкталган унаа жолдорун көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы