Баткен-Боз-Адыр унаа жолунун 7 чакырымы асфальтталды
- 21 просм.
Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды.
Быйылкы жылдын титулдук тизмесине ылайык 3 чакырым, ал эми капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 4 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралып, план толугу менен аткарылды.
Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы