mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал: Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө бар

Бүгүн 8-февраль саат 9:30га карата Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга карата киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 98-209-чакырым аралыгы жана №23 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан 209-315-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, кар көчкү түшүү кооптуулугунан улам жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун алдын алуу максатында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 38-101-чакырым аралыгы (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу (0-4-чакырым аралыгы) убактылуу жабылды. Учурда №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 100-102-чакырым аралыгына түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө.

Калган жолдордо каттам бар. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат. Жол тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы