Ашуулардагы абал жана аткарылган жумуштар. Тизме
- 63 просм.
Бүгүн, 19-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, кеңейтүү, зарыл учурларда инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.
Ошондой эле, кызматкерлер жол четин тазалап, актап, сырдап, жол белгилерин алмаштырып, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркып, аң-чөнөктөрдү толтуруп, лотокторду тазалап жатышат.
Бүгүн, 19-мартка карата жол кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача топтому:
№4 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөр толтурулуп, жол белгилер алмаштырылды.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда жол четин кеңейтүү, таштандыларды жана жолго түшкөн таштарды тазалоо иштери жүрдү.
Үч-Коргон унаа жолунун 0-4-чакырым аралыгында куурап калган бак-дарактардын бутактары кыркылды.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам, Ош-Аэропорт,Ош-Обходная жолдорундагы темир тосмолор жуулуп, актоо, сырдоо жана жол жээгине шагыл төгүп тегиздөө иштери жүрдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы