mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Асфальт төшөө, аң-чөнөк толтуруу…Аймактарда аткарылган иштердин түрмөгү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө мекемелери (ЖТИ) тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү:

№22 ЖТИ: Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак-Арал-Жийде унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

№954 ЖТИ: Чүй облусуна караштуу Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолунун 0-1, 8-9, 11-12-чакырымдар аралыгына 6 см калыңдыктагы асфальт басылып жатат.

№48 ЖТИ: Талас облусуна караштуу Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолуна асфальт басуу үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүрүүдө. Быйыл жалпы 3 чакырымды оңдоо каралган.

№26 ЖТИ: Ош облусуна караштуу Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 28-32-чакырымдар аралыгында эски асфальтты сыйрып, жаңы асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө.

№24 ЖТИ: Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунда (135-159-чакырымдар аралыгы) грейдер менен жол четин тегиздөө, айлананы тазалоо иштери жүрүп жатат.

№36 ЖТИ: Суусамыр-Талас-Тараз жолунун суу алып кеткен жерлерин калыбына келтирүү, аялдамаларды жана анын айланасын тазалоо, актап, сырдоо жумуштары аткарылды.

№959 ЖТИ: Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана Сопу-Коргон-Терек унаа жолунда бекемдөө жана дарыянын нугун алыстатуу менен суу алып кеткен жерлерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

№47 ЖТИ: Талас-Калинин-Бакай-Ата жолунда көпүрөлөр сырдалып, Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 17-20-чакырымдар аралыгында аң-чөнөктөрдү толтуруу жумуштары аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы