Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 101-102 -чакырымдарына кар көчкү түштү
- 112 просм.
Бүгүн 2024-жылдын 16-февраль күнү эртең менен саат 11:30 чамаасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 101-102-чакырымдарында кар көчкү түшүп, №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланып жатат. Көчкүнүн көлөмү 2350 м3 түзөт. Азыркы учурда каттам убактылуу жабык.