mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактардагы жолчулар  селдин кесепетин жоюшту

Кече, түштө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ленин-Жол -Казар-Мазар-Сере унаа жолунун 4-чакырымында сел жүрүп, жолду кум шагыл каптады. КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “ Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ноокен райондук № 51 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары атайын техникалардын жардамы бул автожолдо кум-шагыл жана таштардан тазалашты. Учурда унаалар үчүн эки тараптуу каттам толук ачылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Талас облусундагы Кара-Суу, Көк-Кашат, Ак-Жар айылдарында сел жүрүп, айрым унаа жолдорду каптап, зыян келтирилген. Алсак, анда Кара-Суу айылындагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 84-чакырымында жайгашкан көпүрөгө зыян келтирилген. Талас филиалынын жол кызматкерлери тарабынан өз убагында тазалоо иштери аткарылып, нөөмөт уюштурулган. Айтматов районундагы Көк-Сай айылында да сел жүрүп, бирок, унаа жолго зыян келтирилген жок. Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча бардык жолдордо каттам ачык, күн бүркөк.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызма