mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактардагы жолчулар республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо,  күтүү жана тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүшүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сүттүү-Булак-Боз-Бешик автожолунда №35 жол тейлөө ишканасынын  жумушчулары асфальт-бетон төшөө үчүн негиз даярдашып, жолдун 23-чакырымында кум-шагыл аралашмасын жеткирүү иштери жүргүзүшүүдө.

Ал эми Нарын облусунун Кочкор районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-271-чакырымдарында №955 жол тейлөө ишканасынын  жумушчулары трассаны грейдер менен тегиздешүүдө.

Ал эми Кочкор-Арал-Ала-Тоо-Ашуу трассасынын 176-189-чакырымдарында шагыл жолдор тегизделип, 80-98-чакырымдарындагы таштандылар №9 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан жыйналды.

Ошондой эле жогорудагы Кочкор — Арал — Ала — Тоо-Ашуу жана Арал- Казарман автожолдорунда №24  Жол тейлөө ишканасынын жолчулары аны ар кандай таштандылардан тазалашкан.

Ал эми Талас облусундагы Покровка-Бала-Саруу автожолунун  3-8-чакырымдарында №47 жана 48 жол тейлөө ишканасынын жолчулары инерттик материалдардын калдыктарынан трассаны тазалап, жол белгилерин актап сырдашууда.

Ошондой эле, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда жолчулар аң-чөнөктөрдү оңдоп жатышат.

Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын-Өрүк-Там  автожолунун 50-61-чакырымдарында жумушчулар кар көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Ош-Баткен-Раззаков автожолунда №46 жол тейлөө ишканасынын  жумушчулары тарабынан жол белгилерин жаңылоо, жол белгилери орнотулган мамыларды актоо жана сырдоо менен бирге мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактарды алуу иштери улантылууда.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы