Аймактардагы жолчулар республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, күтүү жана тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүшүүдө
- 138 просм.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сүттүү-Булак-Боз-Бешик автожолунда №35 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары асфальт-бетон төшөө үчүн негиз даярдашып, жолдун 23-чакырымында кум-шагыл аралашмасын жеткирүү иштери жүргүзүшүүдө.
Ал эми Нарын облусунун Кочкор районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-271-чакырымдарында №955 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары трассаны грейдер менен тегиздешүүдө.
Ал эми Кочкор-Арал-Ала-Тоо-Ашуу трассасынын 176-189-чакырымдарында шагыл жолдор тегизделип, 80-98-чакырымдарындагы таштандылар №9 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан жыйналды.
Ошондой эле жогорудагы Кочкор — Арал — Ала — Тоо-Ашуу жана Арал- Казарман автожолдорунда №24 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары аны ар кандай таштандылардан тазалашкан.
Ал эми Талас облусундагы Покровка-Бала-Саруу автожолунун 3-8-чакырымдарында №47 жана 48 жол тейлөө ишканасынын жолчулары инерттик материалдардын калдыктарынан трассаны тазалап, жол белгилерин актап сырдашууда.
Ошондой эле, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда жолчулар аң-чөнөктөрдү оңдоп жатышат.
Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын-Өрүк-Там автожолунун 50-61-чакырымдарында жумушчулар кар көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Ош-Баткен-Раззаков автожолунда №46 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан жол белгилерин жаңылоо, жол белгилери орнотулган мамыларды актоо жана сырдоо менен бирге мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактарды алуу иштери улантылууда.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы