mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аймактардагы жолчулар мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдордун абалын жакшыртууда

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №2 Жол тейлөө  ишканасынын кызматкерлери Ош-Баткен-Раззаков автожолундагы  белги берүүчү мамычаларды актоо жана сырдоо иштерин жүргүзүшүп, жарык чагылдыруучу катафотторду орнотушту.  

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2024-жылдын 27-мартынан 1-апрелине чейин Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолундагы аң-чөнөктөрдү оңдоо үчүн тиешелүү объекттерге асфальт-бетон кум-шагыл аралашмасын жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүштү.

Ал эми Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда шагыл менен битумдун аралашмасы колдонулуп, аң-чөнөктөр оңдолууда.   

Ноокен районунун Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере унаа жолунун 16-17-чакырымдарында №51  жол тейлөө кызматкерлери 2024-жылдын 26-марттында болуп өткөн селден кийинки жолдун жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

 Жумгал районундагы Сары-Камыш автожолунда №24 жол тейлөө кызматкерлери сел жууп кеткен жолдун жээктерин бекемдешип, кеңейтүү иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары, Арал-Казарман унаа жолунда кыш мезгилинде колдонулган инерттик материалдардын калдыктары тазаланды.

2024-жылдын 1-апрелинде Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда №3 жол тейлөө кызматкерлери кар тазалоо иштерин жүргүзүшкөн, бул жерде атайын техникалар менен күнү-түнү нөөмөт уюштурулган.

Ал эми Ош-Баткен-Раззаков автожолунда инерттик материалдардын калдыктарын тазалоо, парапеттин астындагы кум жана таштандыларды тазалоо, ошондой эле белги берүүчү мамыларды актоо жана сырдоо, жарык чагылдыруучу катафотторду орнотуу иштерин №2 жол тейлөө кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Талас облусунун Покровка айылындагы Гребень Плотина-Пов.с. Покровка автожолундагы  0.0-0.1-чакырымында №48 Жол тейлөө кызматкерлери таштарды тазалап, жолду кеңейтишти. Ал эми Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 6-10-чакырымдарында чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Чоң-Капка-Май трассасынын 0.0-2.0-чакырымдарында жолду тегиздөө жана пландоо иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Көкмойнок-Кувакы автожолунун 0-26,1-чакырымдарында  №955 жол тейлөө кызматкерлери трассаны инерттик материалдардын калдыктарынан тазалоону, ошондой эле жолдун жээктерин бекемдөө жана тегиздөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо, жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн жол боюндагы эс алуучу жайларды жакшыртуу иштерин жүргүзүштү.