Сел жүргөн авто жолдор өз убагында тазаланып, жол тилкелери ачылды
- 33 просм.
Ош-Баткен-Раззаков автожолунун сел каптаган тилкелери толугу менен тазаланып, калыбына келтирилди. Тазалоо иштерин №2 жол тейлөө ишканасы жүргүздү.
Эскерте кетсек, 16-июль күнү болжол менен кечки саат 18:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Баткен-Раззаков (эски багыттагы) автожолунун 209-чакырымында сел жүрүп, жол жабылып калган. Окуя болгон жерге №2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар ыкчам жөнөтүлүп, сел токтогондон кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, 16-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын натыйжасында Балыкчы–Боконбаев–Каракол автожолунун 57–70-чакырымдарында сел жүрүп, айрым жол тилкелерин жууп кеткен.
Саат 23:30да (болжолдуу түрдө) жол толугу менен калыбына келтирилип, унаа каттамы кайра жандандырылды. Жолду тазалоого жол тейлөө ишканалары тарабынан 1 грейдер жана 1 «Хово» унаасы тартылган.
Учурда жогоруда айтылган авто жолдордо каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы