mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Лебединовка-Гэс-5 жолунун буга чейинки абалы жана реконструкциядан кийинки болжолдуу көрүнүшү

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Азыркы тапта жер иштери, түтүктөрдү орнотуу жана курулушка тоскоол болгон айрым объектилерди алуу жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат. Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы