mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолдорду ирээтке келтирүү иштери уланууда

Бүгүн, 22-мартка карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача түрмөгү:

Алматы-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 234-237-чакырым аралыгында пайда болгон аң-чөнөктөрдү оңдоо иштерине даярдыктар көрүлүүдө. Ушундай эле жумуштар Токмок-Шамшы-Туюк жолунда да жүрүп жатат.

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолундагы чуңкурларды толтуруу иштери жүрүп, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда инерттик материалдарды кампага ташуу жумуштары аткарылды.

№1 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Жал-Орок унаа жолундагы аң-чөнөктөрдү толтуруу үчүн чуңкурларды тегиздеп, даярдык иштерин көрүштү. Ал эми Бишкек-Манас трассасы менен Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелери таштандыдан тазаланды.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда болсо жол жээгиндеги таштандылар жана кыш мезгилинде себилген инерттик материалдардын калдыктары тазаланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакта иш алып барып, жол четин тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, сууларды буруу, лотокторду тазалоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы