mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түп-Кеген унаа жолун реконструкциялоо жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолун куруу пландалууда

“Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу боюнча программанын 3-фазасы (РКЖП БА-3)” долбоору Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланды.. Каржылоонун жалпы суммасы 55 млн АКШ долларын түзөт (анын ичинен 27,5 млн АКШ доллары – грант жана 27,5 млн АКШ доллары  — 38 жылга берилген насыя).

Долбоордун компоненттеринин бири “Регионалдык транспорттук каттамдарды, жабдууларды жана курулуштарды реабилитациялоо” болуп эсептелет, анын артыкчылыктуу милдети болуп Кыргыз Республикасындагы Ысык-Көл облусу менен Казакстан Республикасындагы Алматы облусунун ортосунда жана андан ары башка коңшу мамлекеттерге транспорттук байланыш жана мамлекеттер ортосунда интеграцияланган экономикалык регионду түзүү саналат.

Аталган долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасы үчүн чоң мааниге ээ, ал Түп-Кеген автожолунун 39-76 чакырымындагы участокту реконструкциялоону жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз автожолунун 0-13 чакырымындагы участокту курууну, “Каркыра” капчыгайындагы туристтик базага туташ жолду курууну  камтыйт.  Жакынкы калктуу конуштар – Ысык-Көл облусунун  Сары-Тологой айылы жана  Сан-Таш а/ө. Долбоор боюнча жол тейлөөчү жана кар тазалоочу техникалар сатылып алынат.

2023-жылдын 1-апрелинен тартып курулуш иштерин көзөмөлдөөчү консультант «Pan Arabic Consultancy Engineers» Кувейт («Пан Арабик Консалтенси Энджинеерс») жана подрядчы «China Road and Bridge Corporation» Кытай («Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн») жолдорду реабилитациялоого жана реконструкциялоого толук масштабдуу жумуштарды баштоо үчүн участокту даярдоону жана мобилизациялоону баштады. Мындан мурда жумушчулардын лагерин куруу, асфальт-бетон заводун жана майдалоочу-сорттоочу орнотмону монтаждоо боюнча жумуштар аткарылган. Майдалоочу-сорттоочу орнотмо колдонууга берилип, майдаланган инерттүү материалдын (майдаланган таш) сынамык партиясы чыгарылды, асфальт-бетон аралашмасынын жана бетондун жарамдуулугу боюнча тиешелүү лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.

2023-жылдын 1-апрелине карата 78 даана жол куруу техникасы, 62 адам тартылган, анын  ичинен 20 адам жергиликтүү калктын арасынан жана 42 чет элдик адистер подрядчы тарабынан мобилизацияланган.

Аба ырайынын ыңгайлуу шарттарында, бардык иштерди курулуш иштер графигине ылайык жүргүзүү пландаштырылууда.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы