mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун 159-183-чакырымдарын реконструкциялоо» долбоору башталгандан бери узундугу 15 км болгон асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарын, 13 км үстүнкү катмарын орнотуу иштери бүтүрүлүп, 46 даана суу өткөргүчтөр курулду.

Подрядчы «МОСТ Групп» жана «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» биргелешкен ишканасы «Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун реконструкциялоо 159-183 чакырым» долбоорунун алкагында 2022-жылы узундугу 15 км болгон асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарын, 13 км үстүнкү катмарын орнотуу иштери бүтүрүлүп, 46 даана суу өткөргүчтөр курулду 2022-жылы 14 км асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө жана негизги жол куруу иштерин бүтүрүү пландалууда. Кепилдик мөөнөтү менен курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү 2024-жыл.
Келишим боюнча жогоруда аталган долбоор боюнча курулуштун баасы 17,9 млн АКШ долларын түзөт, өздөштүрүлгөн каражат 7,5 млн АКШ доллар.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 8-июлунда Консультант Подрядчыга курулуш иштеринин башталышы жөнүндө билдирүү берген. 2021-жылы Подрядчы тарабынан асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарынын 10 км, үстүнкү катмарынын 2,5 км асфальт-бетон төшөлүшү төшөлүп, 31 суу өткөргүчтүн курулушу бүтүрүлгөн.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы